Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мен жөн карап тура алмак эмесмин». ИИМнин башчысынын орун басары бычак менен милиционерлерге кол салган жигитти кармоого жардам берди (видео)

Ак үйдүн жанында ызуу-чуу салган адам психикалык жактан оорулуу болушу болушу мүмкүн

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкекте бычак менен милиционерлерге кол салган адамды кармоого жардам берди. Ал окуя болгон жерде кокустан болуп калганын айтып берди.
- Мен Ак үйдүн жанынан өтүп бара жаткам, - деди Орозалиев Vesti.kg сайтына. - Милиция кызматкерлер ал адамды кууп баратышкан экен, мен жөн карап тура алган жокмун.
Мындан сырткары, ИИМнин башчысынын орун басары кайгуул милиционерлеринин ишине баа берди.
- Алар жаңы ишке кириши да, үйрөтчү нерселер бар, - деди министрдин орун басары. - Мен жетекчилерди чогултуп, бул мисалды талкууга алам. Кандай болгон күндө да, тажрыйбаны жакшыртуу керек. Башкысы - бүгүн эч ким жабыркаган жок. Кызматкерлер табелдик куралы менен колдоно деле алышмак, негизи. Балдардын ишине баары бир баа берүү керек.

Белгилей кетсек, окуя бүгүн күндүз саат 12:00дө Логвиненко менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

- Ал ага чейин троллейбустагы жүргүнчүлөрдү бычак менен коркуткан, - деп тактады өз кезегинде Бишкек ШИИБнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев. – Аны анда милиция кызматкерлери кармоого аракет кылышкан. Ал троллейбустан чыгып, качып кеткен. Тартип сакчылары аны кайрадан кармайлык дешкен. Ал бычак менен аларды коркутуп баштаган. Асманга эскертүү иретинде ок чыгарышып, андан кийин колдорун бурап, Биринчи май РИИБне алып кетишти.

Милицияда кармалган адам психикалык оору менен жабыркашы мүмкүн дешүүдө.

Апрель» телеканалынын журналисттери кайгуул милиционерлеринин тартип бузуучуну кууп, кармашканын видеого тартып алышкан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх