Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин бөлүм башчысы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнөн качып баратып, унаасы менен аялды сүзүп кеткен

 Чекисттер милициянын полковнигин кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына 7-ноябрда «С.Р.» аттуу КРнын жараны арыз менен кайрылып, анда ИИМнин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын «Н.Б.» аттуу кызматкери күйөөсү - «И.Ддан» ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишинин оң жагына чечилиши үчүн 3000 доллар пара талап кылып жатканы боюнча чара көрүүнү суранган.

Чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын МТБ тарабынан КРнын ККнин 326-б.1-б. боюнча (Пара талап кылуу) сотко чейинки өндүрүш катталган.

2019-жылдын 23-ноябрында ИИМнин ИТК менен бирдикте өткөргөн иш-чаралардын жыйынтыгында талап кылынган паранын 50 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен КРнын ИИМнин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги «Н.Б.» кармалган.

Муну менен бирге кармоо маалында «Н.Б.» кылмыш иши болгон жерден качып кетүү аракетин көрүп, анын кесепетинен арыз берүүчү «С.Рди» унаасы менен сүзүп кеткен. Ыкчам-тергөө тобу «Б.Ннын» аркасынан кууп, кармаган. Окуя болгон жерге дароо тез жардам чакырылып, алар арыз берүүчүнү шаардык ооруканага алып кетишкен. Абалы туруктуу катары бааланууда.

Учурда кармалган адам УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх