Соцтармакка жазган билдирүүлөрү үчүн кыргызстандык УКМКнын СИЗОсуна камалды
Чекисттердин маалыматына ылайык, камалган жарандын аймактар аралык кастыкты козуткан посттору колдонуучулардын арасында арыздашууга алып барчу каршы пикирлерди жараткан
УКМКнын кызматкерлери тарабынан аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш ишинин алкагында 24-ноябрда социалдык тармакын активдүү колдонуучусу А.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
«А.Ж.» социалдык тармактардын колдонуучулары арасында учурдагы бийликти каралаган чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратып, баш ийбөөгө жана массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада колдонуучулардын арасында арыздашууга алып барчу каршы пикирлер жаралып, мындан улам, адамдарда аймактар аралык кастыкты козуткан сезимдер пайда болгон.
2019-жылдын 25-ноябрында «А.Ж.» Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектелип жатканы маалымдалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www