Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчынын өкүлдөрү бүгүн УКМКнын тергөө камак жайындагы «БеспределKG» баракчасынын администратору менен жолугуп келишет

Медиаэксперт Турат Акимовдун пикиринде Автандил Жоробеков негизсиз кармалган

УКМК «БеспределKG» баракчасынын администратору Автандил Жоробековду мекеменин тергөө камак жайына киргизерден мурда анын жазган билдирүүлөрүнө алгач лингвистикалык талдоо жүргүзүшү керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына медиаэксперт Турат Акимов бөлүштү.

Ал Кыргызстандын ар бир жараны өз пикирин ачык билдирүүгө укуктуу экенин эске салды.

- УКМК анын жазгандарын алгач текшерип, лингвистикалык талдоо жүргүзүп жана аны коомчулукка ачыкташ керек эле - деди Акимов. - Аны эмнеге камашканы белгисиз. Азыр болсо камалган адамдын ордуна анын эжеси абал боюнча түшүндүрмө берип жатат. Эгерде ал билдирүүдө бийликти кулатууга эч кандай чакырыктар болбосо. анда бул кылмыш болушу мүмкүн эмес. Эгерде ал болгону өлкөдөгү ага жакпаган көрүнүштөр боюнча өз пикирин айткан болсо, анда аны кармоо мыйзамсыз болгон.

Ал ортодо акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев Vesti.kg сайтына алар Жоробековдун окуясына көз салып жатышканын билдиришти. Ал тургай бүгүн акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери аны менен жолугуп келишерин кошумчалады.

- Биздин балдар бүгүн Автандил Жоробековго барып келишет. - Ошол маекке жараша биз кандайдыр-бир чараларды көрө баштайбыз.

Эске салсак, кечээ Жоробековдун карындашы видео кайрылуу чыгарып, анда бир тууганынын кармалышын негизсиз деп атаган жана президент Сооронбай Жээнбековдун бул жагдайга көңүл буруусун суранган. Белгилүү болгондой, Автандил Жоробеков Кыргызстандагы коррупцияга каршы өткөн митингден бир күн мурда - 24-ноябрда кармалган.

«УКМК ага абдан оор берене боюнча айып тагууда - интернет аркылуу аймактар аралык кастыкты козутуу. Далил катары Беспредел KG баракчасындагы «Хабибулла менен Соке Раимди өлкөдөн чыгарып кетишти» деген посту каралууда. Ошондой эле Автандилди 25-ноябрдагы митингге элди үндөгөн деп айыпташууда», - деген Темирова.

Чырлуу баракчанын администраторунун бир тууганы алардын жакындары УКМКнын аракеттерин адамдын сөз эркиндигине кол салуу катары карашарын баса белгиледи.

«Автандилди эң негизги болгон - сөз эркиндигинен ажыратып жатышат. Мен жарандык коомду, бейөкмөт уюмдарды жана 25-ноябрда аянтка барган бардык адамдарды ал мындан ары дагы бийликти кыймылдатып, чындыкты айтуусун, коомдогу көйгөйлөрдү чагылдыруусун уланта алышы үчүн аны бошотууга бизге жардам берүүгө чакырам - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.
Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы Жоробеков кайсы публикациялардын негизинде кармалганын жарыялаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх