Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортундагы кафеде сыра ичкен чет элдиктен милиция кызматкерлери акча доолашкан

ИИМнин ИИК кызматтык териштирүү баштады

«Манас» аэропортунда кафеде сыра ичкен чет элдикти милиция кызматкерлери «айып пулга» жыгууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев жазып чыккан.

Аз жерден рэкеттин курмандыгына айлана жаздаган чет элдик Деркембаевдин уулу Эдуард болуп чыккан.

«Бир карын майды бир кумалак чиритет. Туризм тармагы өлкөгө пайда алып келсин деп чет элдиктерди жанталашып тартканыбыздын пайдасы канча - жарандар менен туристтердин тынчтыгын сактоого милдеттүү кызматкерлер аларды тоноп, үркүтүп-коркутуп жатышса?

Мисалы, бүгүн менин уулум Эдуард (Кыргызстанда төрөлүп, бирок, 25 жылдан бери Германияда жашаган) Бишкектен Стамбулга учуп кетиши керек эле. Ал мени туулган күнүм менен куттуктап, киндик кан тамган жерин көрүү үчүн да келген эле. Манас аэропортунун ичиндеги кафелеринин биринде ал өз каттамын (7 саатка кечигип жаткан, баса) күтүп отурганда ага эки милиция кызматкери басып келип, өздөрүн тааныштырып ЖККУ өтүп жатканына байланыштуу, аба майданынын аймагында, анын ичиндеги кафелерде сыра ичүүгө тыюу салынганын айтышкан (эмнеге анда сатып жатышат, түшүнүксүз?)
Айып пул катары укук коргоо органдары андан 50 Евро же доллар сурашкан», - деп жазган Деркембаев.
Эдуард атасынын айтымында айып пул төлөөдөн баш тартат, милиция кызматкерлери анын ФРГ жаранынын паспортун тартып алышып, каттамдан алып коебуз деп коркутушат.

«Уулум дароо эле мага чалды. Мен телефонду ал милиция кызматкерлеринин бирине берүүсүн айттым, кызматкер өзүн милиция капитаны Касымов Тилек деп тааныштырып, атасы катары мен тез арада 5500 сом төлөшүм керектигин айтты. Болбосо балам Стамбулга уча албай калат экен... 
Мен ал милициянын капитанына теле алып баруучу, белгилүү блогер Данияр Деркембаев экенимди, азыр барып МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ айып пулду төлөп кетээримди айттым.
Капитан үн-сөз жок уулума телефонду берип, паспортун колуна карматыптыр. Артка бурулуп, кесиптеши экөө басып кетиптир», - деген ал билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, бажы көзөмөлүнөн өтүүдө анын бир банка балын алып коюшканы дагы Эдуардды капа кылган.

«Бажы көзөмөлүнөн өткөндөн кийин Эдуард мага чалып, ушундай сонун мамлекетти мындай ач көз адамдар бузуп жатканы кейиштүү экенин: алар акча, ар кандай таттууларды, андан болсо балын тартып алып коюшканын билдирди. 400 граммдык кичинекей челектеги балга акмактардын бүгүн көзү түшүптүр.

Мен ага шыдыр жол кааладым! Өзүм болсо терең үшкүргөн бойдон кала бердим. Башка кандай аргам бар анан? Балык башынан сасыйт», - деп сөзүн жыйынтыктаган Деркембаев.

Vesti.kg бул боюнча КРнын МБКна кайрылганда алар Кыргызстандан азык-түлүк алып кетүүгө азыр тыюу жок экенин маалымдашты. - Бажы көзөмөлүнүн кызматкерлери чет элдик жарандан балын алып койгон эмес, бизде мындай факт болгон эмес - деп такташты бажыканада. - Ар бир адам декларация толтуруп, тигил же бул азык-түлүктү алып кетсе болот.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы өз кезегинде Vesti.kg сайтына кол багаж менен алып кетүүгө болбогон буюмдардын тизмеси бар экенин түшүндүрдү.

- Авиация коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү бал айнек идишке салынган болсо, алып коюуга укуктуу, анткени, мындай идиштерди кол багаж менен алып жүрүүгө болбойт - деп такташты алар. - Эгерде бал багажга салынган болсо, эч кандай көйгөй жаралмак эмес.

Ал эми чет элдиктен акча доолаган милиция кызматкерлерине байланыштуу болсо, аларга карата кызматтык иликтөө башталганы маалым болду.

- ЖККУга байланыштуу аэропорттун аймагында сыра ичүүгө тыюу салынган эмес - деп ташташты ИИМнин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына. - Бул факт боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх