Белгилүү хирург Эрнст Акрамов инфарктка кабылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бишкектеги жеке менчик клиникалардын биринде дарыланууда
Профессор, белгилүү хирург, ЖК мурдагы депутаты Эрнст Акрамов инфаркт алып, ооруканага түштү. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал жаткан бишкектеги клиникадан билдиришти.
Ал жактан Акрамовдун 3-декабрда ооруканага жаткандыгын кабарлашты.
- Бул анын экинчи жолу инфарктка кабылышы, - деп түшүндүрүштү ооруканадан. – Учурда абалы туруктуу, оор абал артта калды. Азырынча врачтардын көз алдында болууда.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз