Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук РИИБнын башчысы катышкан жол кырсыгы. Спринтердин айдоочусу ооруканада көз жумду

Милициянын полковниги Максат Чойбеков организминде алкоголдун бар-жогун текшерчү анализден өтүүдөн баш тартты

Сокулук районунун ИИБнын башчысы Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында жабыркаган жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

- 7 декабрда ал Кант шаарынын ооруканасынан Улуттук госпиталга оор абалда которулган - деп такташты мекемеде. - Алган жаракаттары көп болчу. Тилекке каршы, кечээ 11:00дө ал каза болуп калды.

Эске салсак, буга чейин жол кырсыгы орун алган факты боюнча толук жана объективдүү иликтөө үчүн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Чүй облусу боюнча УКМКга жиберилгени белгилүү болгон.

Маалым болгондой, Максат Чойбеков организмде алкоголдун бар-жогун текшерчү анализден өтүүдөн баш тарткары маалымдалган.

Учурда Сокулук районунун ИИБнин башчысы ооруканада. Жол кырсыгында милиция кызматкеринин буту жана үч кабыргасы сынган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх