Практикант кызды зордуктоого аракет кылган Токмоктун ШИИБнын тергөөчүсү кызматынан кетти
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары прокуратурага жөнөтүлдү
Практика өтөөгө келген кызды зордуктоого аракет кылган Токмок ШИИБнын тергөөчүсү арыз жазып кызматынан кетти. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Чүй облусунун БИИБ ырастады.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары прокуратурага жөнөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты Токмок шаарында практика өтөп жаткан кыз ИИБнын тергөөчүсүн сексуалдык ыдык көрсөттү деп айыптап, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Арыз «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча катталган.
Алина Ормонова
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз