Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» камераларынан чуулгандуу сүрөттөрдүн чыгып кетишинен ЖКККББнын мониторинг борборунун эки оператору кызматтан кетти

 «Мерседес» менен болгон окуя да ИИМдин ЖКККББнын төрт  жооптуу кызматкерлери үчүн дисциплинардык жаза менен аяктады  

ИИМдин ИИК  01KG578 ACD мамлекеттик номерлүү «Мерседес» маркасындагы автомобилдин коллажы менен жана ИИМдин ЖКККББнын мониторинг борборунун «Коопсуз шаар» АМС боюнча маалыматтык ресурстар жана маалыматтык системалар менен иштөө боюнча Көрсөтмөнүн бузулушу тууралу ЖМКда жарыяланган фактылар боюнча кызматтык териштирүү жүргүздү.  

Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүн жыйынтыктары боюнча, өздөрүнүн милдеттерин так эмес аткаргандыгы жана кетирген мыйзам бузуулары үчүн, тактап айтканда, кызматтык маалыматтардыкызматтык максатта колдонгондугу үчүн жана аталган сүрөттөрдү башка адамдарга таркаткандыгы үчүн, ИИМдин ЖКККББнын мониторинг Борборунун жалданган кызматкерлери А.А жана К.К. кызматтарынан алынды. 

Кол алдында иштегендердин ишмердүүлүгүнө  жетиштүү көзөмөл жасабагандыгы үчүн ИИМдин ЖКККББнын мониторинг Борборунун 4 кызматтык адамдары жисциплинардык жазаларга тартылышты. 

Ошондой эле, ИИМдин Тергөө кызматы  ЖКККББнын мониторинг Борборунун кээ бир кызматкерлерине байланыштуу КР ККнин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу0 боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзуп жатат. 

Пресс-служба МВД

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх