Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хиджабчан кыз Бишкектеги мечиттен акча уурдап кеткен (видео)

 Эгерде ууру кыз табылса, аны имам менен сүйлөшүүгө жиберишет

Хиджаб кийген белгисиз кыз Бишкектеги Махмуд Кашгари атындагы мечиттин бардык кайрымдуулук кутучаларындагы акчаны уурдап кеткен. Мечиттен уурулук кылып жаткан кыздын видеосу инстаграмдагы @Black_list.kg группасында жарыяланган.

Мечиттин өкүлү Талят Муминов Vesti.kg сайтына ал буга чейин бул кызды мечитке келгенин байкабагын айтты. Ал кыз мусулман кийимин атайын уурулук кылуу үчүн кийип алганын божомолдоду.

- Уурулук кечээ болжол менен 12:40та орун алган - деди Муминов. - Намаздын алдында кутучалар жок экенин көрдүм. Буга чейин биз бул кызды бир дагы жолу көргөн эмеспиз. Ал үч кутучаны ачыптыр, канча акча алып кеткени белгисиз.

Анын айтымында аларда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу ниеттери жок. Эгерде кыз табылса, аны болгону имам менен сүйлөшүүгө жиберишет.

- Биз арыз жазбайбыз - деп белгиледи ал. - Эгерде мен аны таба алсам, имамга алып келем, калганын имам өзү чечет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх