Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрк ММКлары: Кыргызстандык журналисттер Саймаитинин өлүмү боюнча суракка алынышы мүмкүн

КРден чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча иликтөөнүн авторлору бизнесмендин жайгашкан жери жөнүндө үчүнчү жактарга маалымат айтып коюшканбы?

Түркиянын тергөө органдары кыргызстандык журналисттердин кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө катышуу мүмкүндүгүн текшеришүүдө. Бул тууралуу Sözcü.com басылмасы булактарга таянып жазып чыкты.

«Ишенимдүү булактардын маалыматтарына ылайык, журналисттер маркум Саймаитинин кайсы жерде экенин жана анын иш-аракеттери жөнүндө журналисттик иликтөөгө катышпаган үчүнчү жактар менен бөлүшүшкөн», - деп басылмада жазылган.

Белгиленгендей, тергөө органдары кыргызстандык бажыдагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар туурасындагы иликтөө менен алектенген журналисттерди суракка алышы мүмкүн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх