Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү жашоочулар бири-бирин таш менен ургулашты

Учурда чек арадагы абал турукташты

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү жашоочулар бири-бирин таш менен ургулашкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн жергиликтүү ыйгарым өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облустук администрациянын маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын бир нече жарандары алгач сөз менен кайым айтышып кетип, кийин уруш физикалык каршылык көрсөтүүгө өтүп кеткен.

- Бүгүн болжол менен эртең мененки 09:00дө кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр чыгып кеткен, - деп маалымдашты басма сөз кызматында. Чыр турмуш-тиричилик маселелеринен чыккан.

Маалым болгондой, учурда чек арада абал туруктуу, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эске салсак. 16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал орун алган. Чыр тажик тарап дүкөндүн бойлой такталбаган аймакка кашаа орното баштагынан келип чыккан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх