Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арада кайра жаңжал чыкты. Кыргызстандык бир аскер кызматкери октон жабыркады

 Тажикстандыктар бир нече автоунаанын терезелерин сындырып, ок чыгарышкан. Сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду

Кыргызстандык аскерге Тажикстан менен чек арада жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыккан чырда октон жабыркады. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн чек ара мекемеси, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустук администрациялардын кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүп жаткан маалда тажик тараптан белгисиз адамдар кыргызстандыктарды таш менен ура башташкан. Бул болжол менен 11:30да орун алган.

Болжол менен 20 мүнөттөн кийин тажик тараптан ок атылып, кыргызстандык бир аскер кызматкери жабыркаган.

Сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду. Учурда бийлик өкүлдөрү өз тараптарында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында абалды турукташтыруу максатында Баткен облусуна Башкы штабдын жетекчиси, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев учуп кетти.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх