Алматыдагы авиакырсык. Учак бийиктикти жоготуп, эки кабаттуу курулушка кулап түшкөн (видео)
Алдын ала маалыматтар боюнча 9 киши көз жумду
Бүгүн, 27-декабрда Алматы - Нур-Султан багытында учкан «Бэк эйр» авиакомпаниясынын №Z2100 - каттамы саат 07:22де жерден көтөрүлүп жатып бийиктигин жоготуп, эки кабат бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.
Дароо куткаруу иштери башталып, учак күйгөн эмес. Жүргүнчүлөр жана учактык экипажы эвакуацияга алынган. Азыркы учурда көз жумгандардын саны 9 кишини түздү.
Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы боюнча премьер-министрдин орун басары жетекчилик кылган парламенттик комиссия түзүлдү. Анын курамында индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри жана башка маморгандардын жетекчилери кирди. Кырсыктын чоо-жайы такталууда. Каргашанын жагдайлары аныкталганга чейин бул типтеги учактардын каттамдары убактылуу токтотулду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, учакта 95 жүргүнчү, экипаждын 5 мүчөсү болглон.
Айнур Коскина
фото www