Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Матраимовдун жубайы жөнүндө иликтөөнү жарыялаган сайттын редакторун сабап кетишти

 Жакынкы күндөрү Оштон Бишкекке келип, коррупцияга каршы митингге катышкан спортчулар туурасында материал чыкмак деген маалымат бар

Бишкекте белгисиз адамдар Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишти. Мындай маалымат редакциянын расмий баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, редакциянын кеңсесинин жанынан журналистке белгисиз үч адам кол салган. Алар Темировду ур-токмокко алып, телефонун тартып алышкан.

Factcheck редакциясы азыркы учурда милиция кызматкерлери менен маектешип жатышканын Vesti.kg сайтына билдиришти.

Ал ортодо, интернетте жарандык активист Улан Үсөйүн Factcheck жамааты декабрдын башында Бишкекте өткөн коррупцияга каршы митингде Оштон келген спортчулар пайда болгону туурасында материал даярдап жатышканын жазып чыкты. Материал жакынкы күндөрү жарыяланмак.

Эске салсак, Factcheck сайты ар кандай темалар боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзөт. Эң чоң резонанс жараткандардын бири - бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургуновага байланыштуусу болгон. Башка маалыматтык агенттиктер бул материалдарды өздөрүнө жарыялап баштагандан кийин сайт хакердик чабуулдарга дуушар болгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх