Баткенде тажикстандыктар КРнын жарандарынын унааларына таш ыргытып, ок чыгарышты
Унаалардын терезелери сынып, жүргүнчүлөр жабыркаган
Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн түн ичинде кайрадан ок атышуу орун алды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.
Мекеменин маалыматына ылайык, тажик тарап ок чыгарган.
«Кыргыз-тажик чек арасында абалды салыштырмалуу туруктуу катары мүнөздөөгө болот, чыңалуу элементтери бар. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Аталган аймактагы өткөрмө жайлар кадимки тартипте иштеп жатат», -деп маалымдады чек ара кызматы.
Белгилүү болгондой, түн ичинде Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын автоунааларына кол салган.
Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы жабыркагандар бар деп билдирди.
«9-январдан 10уна караган түнү, болжол менен саат 00:40та Тажикстандын жарандары Ош-Баткен-Исфана автожолунда Кыргызстандын М.С. аттуу жаранынын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын таш менен ургулап, терезелерин сындырып салышкан», - деп маалымдашты укук коргоо органдары.
Мындан сырткары, саат 01:10до ошол эле жолдон Тажикстандын жарандары 25 жаштагы М.Ш. аттуу кыргызстандыктын «Фольксваген Гольф-4» үлгүсүндөгү автоунаасына таш ыргытышкан.
Ок Баткен районунун Көк-Таш айылынын аймагында чыгарылганы белгиленүүдө.
Бүгүн аймакта укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Ошондой эле, жергиликтүү жашоочулар менен дагы профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Фото www