Кумтөрдө дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери расмий түрдө токтотулду
Мындай чечим алардын туугандарынын уруксаты менен кабыл алынган
Кумтөрдө көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери расмий түрдө токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ӨКМ билдирди.
- Мындай чечим кечээ алардын туугандарынын макулдугу менен кабыл алынды, - деп белгилешти мекемеде. - Алар биз болжолдогон жерден табылбай калды, болгон аракетти кылдык. Эми алар расмий түрдө каза болушту деп саналат.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg 1-декабрды Кумтөр кенинде жер көчүп, тоо бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозерчи Жолдош Жунушов жоголуп кеткен.
Издөө иштеринин жүрүшүндө автоунаалар жана жабдуулардын бардыгы табылып, бирок жоголгондордун сөөктөрү табылбай койгон.
Вероника Малышева
Фото www