Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Төрт киши кармалды

Кармалган эки кыргызстандыктан ок атуучу курал табылды

Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда чыр чыккан Баткен облусунун чек аралаш аймагында Көк-Таш айылынын төрт тургуну кармалды. Бул тууралуу аймактын ИИБнын басма сөз кызматы жарыялап, ММКлардын алты кыргызстандык кармалганы тууралуу жазгандарын четке какты.

Укук коргоочу органдарынын маалыматы боюнча төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«2019-жылдын 18-декабрында саат 09:20да Баткен районунун Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундар борбордук мечиттин жанына өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн чогулушат. Ушул маалда жолдо Тажикстандын жарандары, Майский айылынын жашоочулары өтүп бара жатышкан. Алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, кийин алар бири-бирин таш менен ургулашкан», - деп айтылат Баткен облусунун ИИБнын маалыматында.

Жаңжалдын жыйынтыгында Көк-Таш айылынын жашоочусуна таандык «Хонда-стрим» үлгүсүндөгү автоунаанын терезелери сынып, ошондой эле эки турак үйдүн чатыры жабыркаган.

Мындан сырткары, бир кыргызстандык тургундун башына таш тийген. Аталган факт ББРде «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча катталды.

«Мындан сырткары, 2020-жылдын 11-январында Көк-Таш айылынын жашоочулары Тажикстан жаранынын «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоуунасына таш ыргытып, терезелерин сындырышкан. Бул факт ББРне «бейбаштык» беренеси боюнча катталды», -деп маалымдашты милиция кызматында.

Белгиленгендей, кармалган Көк-Таш айылынын эки тургунунан уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх