Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Курманкулов акырындан өз алдынча басып калды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чүй облусунун БИИБнын башчысын Бишкекке алып келүү маселеси февралда каралышы мүмкүндүгүн айтты

Чүй облусунун БИИБнын башчысы Самат Курманкуловду Москвадагы медициналык мекемеден Бишкектин госпиталына алып келүү маселеси азырынча ачык бойдон калууда. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бөлүштү.

Ал Курманкуловдун ден-соолугунун абалында оң жылыштар уланып жатканын белгиледи.

-Москва менен Бишкектин реабилитациялык борборлорундагы шарттарда айырмачылыктар бар, андыктан бул маселе азырынча ачык бойдон калууда, - деп түшүндүрдү Мадемин Мусаевич. - Кыязы, февралда караштырабыз. Мен кечээ Курманкулов дарыланып жаткан бөлүмдүн жетекчиси менен сүйлөштүм. Саматтын абалы жакшырып жатканын айтты. Дээрлик өз алдынча басып калыптыр, бирок, баары бир аны жөлөп-таяп турушат. Тамак жейт, эсинде. Бирок, ал толук айыкты деп айтууга али эрте.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган.

12 -августта ал Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго жеткирилген.

12-сентябрда Чүй облусунун БИИБнын башчысын Москвадагы реабилитациялык борборлордун бирине которушкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх