Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт адам кармалды (фото)

«Factcheck.kg» сайтынын редакторуна кол салууга шектүүлөрдүн бардыгы Бишкектин БИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Бүгүн, 2020-жылдын 14-январында Бишкектин БИИБнын КМКнын кызматкерлери «Factcheck.kg» сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармады. Алар: 1993-ж.т. Д.Б., 1993-ж.т. Б.А., 1992-ж.т. Ж.Э., 1994-ж.т. О.А. экени белгилүү болду. Бардыгы Жалал-Абад облусунда туулган.


07:00 саатта КРнын Жазык-процесстик кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Азыркы учурда милиция кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.

2020-жылдын 9-январында «Factcheck.kg» порталынын редактору Болот Темировго белгисиз адамдар кол салып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

2020-жылдын 9-январында аталган факт Биринчи май районунун ИИБнын ББРне КРнын ККнин 201-беренеси (талап тоноо) боюнча катталган. Андан соң сотко чейинки өндүрүш Бишкек шаарынын БИИБнын Тергөө кызматына тапшырылган.

ИИМнин басма сөз кызматы
фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх