Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Темиров: Кармалгандардан менин телефону табылдыбы - азырынча белгисиз

 

Сабалган журналистке жеке күзөтчүлөрдү сөзсүз жалдоону сунушташууда

Бишкек шаарында кол салууга туш болгон Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темиров азырынча кармалгандар менен беттеше элек жана алардын эч кимисин сүрөттөрүнөн тааный элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жабырланган журналист өзү айтып берди.

Эске салсак, Темировго кол салгандар анын уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Бүгүнкү күнгө чейин телефон табыла элек.

- Милиция кызматкерлери мага кармалгандар күнөөсүн моюнга алышканын айтышты, - деди Болот Темиров. - Ыкчам кызматкерлер төрт күн уктабай кылмышкерлерди издешти. Алар мага кол салгандарды табышканына күмөндөрү жок. Телефонду табыштыбы, мага азырынча белгисиз.

Мындан сырткары, ошол окуядан кийин анын туугандары ага саат сайын телефон чалышып, коопсуздугуна сарсанаа болуп жатышканын кошумчалады.

- Мага жеке күзөтчү жалда деп атышат, бирок мен азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин, - деп сөзүн улантты Темиров. - Жакындарым, албетте, мен үчүн кабатыр болуп жатышат. Бирок, алар менин кайра тартпасымды жакшы билишет. Кезек менен саат сайын чалып, менде баары жакшы экенин текшерип турушат.

Эске салсак, Болот Темиров үстүбүздөгү жылдын 9-январында Factcheck басылмасынын жанында ур-токмокко кабылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх