Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Компьютер аркылуу жарандардын коммуналдык кызматтар үчүн төлөгөн каражаттарын кабыл алуу менен алектенип, бир нече жыл бою төлөмдөрдү өзүнө ыйгарып алып жүргөн шылуун оператор кармалды

Амалдуу көз боёмочуну УКМК издөөго алган. Ал Москвадан кармалды

2020-жылдын январь айынын ортосунда КРнын ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгү Баткен облусунун ИИБнын жардамы менен, Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен бирдикте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, алардын жыйынтыгында Москва шаарынын аймагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан изделип жаткан КРнын жараны аныкталган.

Тагыраак айтканда, мекенинде кылмыш жасаганы үчүн мамлекет аралык издөөдө жүргөн 1980-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган Кыргызстандын жараны Г.А. кармалган. Аталган жаран бир нече жыл аралыгында документтерди жасалмалоо менен калктан коммуналдык кызматтарды төлөөгө түшкөн каражаттарды уурдап келген. Ал Баткен облусу боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын КЖКнин 166-б., 1, 2-б. жана 171-б., 2-б. ( ишенинилип берилген ири өлчөмдөгү мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча изделип жаткан.

Аталган жаран 2011-жылдан 2015-жылга чейин коммуналдык кызматта оператор-компьютер кызматкери болуп иштеп, ишенимге кирип, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү чогултуу менен алектенген контролерлордон акча каражаттарын кабыл алып жүргөн. Бирок, материалдык пайда алып мыйзамсыз баюу жана чоочун мүлктү өзүнө ыйгарып алуу максаты менен ал акча каражаттарын маал-маалы менен уурдап келген. Кабыл алган акча каражаттарынын бир бөлүгүн ал дареги боюнча которуп, ал эми башка бөлүгүн дүмүрчөккө башка сумманы көрсөтүп өзүнө ыйгарып алып келгени аныкталган. Муну менен жогоруда айтылган жылдары ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

КРнын ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, издөөгө алынган Баткен облусунун атуулу бир нече жылдан бери Россияда жашынып жүргөн. Учурда издөө салган тарап кабарланып, кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх