Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Казак» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бир айга камакка алынды

Умар Маратов СИЗО-5ке камакка алынды

«Казак» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош шаарынан ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Сот кечээ бөгөт чарасын карады. Тергөө жүргүчө шектүү СИЗО-5те кармалат, - деп маалымдашты мекемеде.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Ош шаарында «Казак» каймана аты менен таанымал ОПГ мүчөсү кармалганын билдирген. Белгилүү болгондой, кримтөбөл 16-январдан 17сине караган түнү «Народный» дүкөнүнө каракчылык кылган деп шектелүүдө.

2020-жылдын 8-январына судья Сулайманова Маратов 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жатканына карабай аны үй камагына чыгарып койгон эле. Мындан сырткары, алдын ала маалыматтарга караганда аталган ОПГ мүчөсү түштүк калаанын экс-мэри Улан Райымбековдун бир тууганына кол салууну уюштурган. Ага чейин 2019-жылдын октябрь айында Маратов Ош шаарындагы кафелердин биринин кызматкерин катуу сабап салган. Анда дагы ал үй камагына чыгарылган эле.

Кийинчерээк президент тийиштүү жарлыгы менен «Казакты» үй камагына чыгарган судьяны кызматынан кетирген.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх