Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ата, мен адамды коюп алдым, мага акча керек». Бишкекте телефондук алдамчы кармалды (аудио)

Жактоочу кантип аз жерден аферисттердин курмандыгына айлана жаздаганын айтып берди

Бишкекте телефондук алдамчы кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.
Анын айтымында, аферист өткөн жылдын 8-декабрында эле кармалган. Учурда анын көмөкчүлөрү изделүүдө.

Жумашев кылмышкерлер алдап акча алуу үчүн эмне кылышарын түшүндүрүп берди. Алдамчылардын бири ага «уулу» болуп телефон чалат дагы, жол кырсыгына кабылганын, бир кишини сүзүп алып, иш тергөөгө өтүп кетпеш үчүн тез арада акча керек болуп жатканын айтат.

- Чалган адамдын үнү чынында менин уулумдукуна окшош экен, бирок, баары бир мен өз баламдыкын кантип тааныбай коеюн, - дейт Жумашев. - Мен дароо бул ушинтип, элден акча «сындырган» алдамчы экенин түшүндүм. Макул болумуш болуп койдум. Ал азыр мага бир киши келерин, акчаны ошондон берип жиберишим керек экенин айтты. Алгач ал 30 миң сом сурады. Бирок, кайра оголе көп сумма айтып койгонун өзү байкап, 14 миңге түшүрдү. Мен бир сааттын ичинде акчаны таба аларымды айтты.

Юрист алдамчыны кылмыш үстүнөн кармоо максатында дароо милицияга телефон чалат. Жыйынтыкта Биринчи май районунун ИИБнын ыкчам тобу акчаны алып кетмекчи болгон курьерди кармайт.

- Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө, - деди Жумашев. – Алдамчылар тобунун башка мүчөлөрү аныкталып жатат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх