Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин талкууга түшкөн иши боюнча өкүм. Соттолуучулар айып пул менен кутулуп кетишти

Мамкаттоонун төрагасынын мурдагы орун басары менен статс катчысы, ошондой эле «Инфокомдун» мурдагы башчысы биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендерде коррупцияга барышканы боюнча күнөөлүү деп табылышты

Бишкектин Биринчи май райондук соту жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алууга багытталган тендерди уюштуруу менен өткөрүүдө коррупцияга барышканы боюнча айыпталып жаткан МККнын мурдагы статс катчысы «Б.Д.Б.», МККнын төрагасынын мурдагы орун басары «С.Р.Р.» жана «Инфоком» МИнын мурдагы директору «А.Т.Тга» карата өкүм чыгарды.

Тергөө органдары жогоруда айтылган МККнын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирүү менен жеке материалдык пайда көрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү максатында КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптары бузулган бир катар фактыларды аныкташкан.

Жыйынтыкта сот МККнын мурдагы жооптуу кызматкерлерин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. боюнча күнөөлүү деп таап, жеңилдетүүчү жагдайларды эске алуу менен «С.Р.Р» 270 000 сом, «А.Т.Т.» 270 000 сом жана «Б.Д.Бга» 230 000 сом өлчөмүндөгү айып пулду мамлекеттин пайдасына төлөп берүү жазасын чыгарган.

Жогоруда айтылган жарандарга өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын кызматташтык тууралуу келишимдин бардык шарт жана милдеттерин аткарышканын, кылмыш ишинин бетин ачууга жана тергөөгө жардап көрсөтүп, ошондой эле жасалган кылмышти толугу менен моюнга алып, өкүнүчтөрүн билдиришкенин жеңилдетүүчү жагдай катары эске алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча учурда эл аралык издөөдөгү МККнын мурдагы төрагасы Алина Шаиковага дагы коррупция боюнча айып тагылганын белгилей кетүү керек.

Иш боюнча биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алуу тендерин өткөрүүдөгү коррупцияга катышы бар бардык жактарды аныктап, кылмыш ишине тартуу боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүү уланууда.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх