Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция 19 жаштагы кызды ала качкан адамдарды кармады. Сот болсо аларды үй камагына чыгарып жиберген

 Ата-энеси кызын Ысык-Көлдөн табышкан. Аны ал жакка мажбурлап баш кошуу үчүн алып барышкан

Токмок шаарынын ИИБнын ыкчам кызматкерлери 19 жаштагы кызды баш кошуу максатында 19 жаштагы кызды уурдоого шектелген эки адамды кармашты.
Жети-Өгүз районунун ички иштер органдарына 11-январда Токмок шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, жаш жигиттер белгисиз автоунаада баш кошууга көндүрүү максатында 19 жаштагы кызын уурдап кеткенин билдирген.

Арыз берүүчү кызы уурдалганын билгенден кийин дароо Ысык-Көл облусуна барып, Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринен кызын тапканын тактаган. Кызын алып кеткенден кийин ал ички иштер органдарына дароо кайрылган.

Аталган факт Жети-Өгүз районунун КЖБРнин АМСда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Никеге туруу үчүн адамды уурдоо) боюнча катталды.

Кийин сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Токмок шаарынын ИИБне жөнөтүлгөн.

Токмок ИИБнын ыкчам тобу тарабынан шектүүлөр - 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. кармалган. Экөө тең Ысык-Көл облусунун тургундары. Алар Токмок шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сот шектүүлөргө карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы чарасын дайындаган.

Чүй облусунун БИИБнын басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх