Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаевдин уулу «Манас» аба майданында мыйзам бузган

Буга чейин Деркембаев милиция кызматкерлери тарабынан рэкет болгонун билдирген эле

«Манас» аэропортунда алкоголдук ичимдик ичкени үчүн милиция кызматкерлери айып пул салалык дешкен белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаевдин уулу Эдуард чындыгында эле мыйзам бузган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Деркембаевдин Фейсбук социалдык тармагына жазган билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү жүрүзүлгөн. Анда Деркембаев милиция кызматкерлери анын уулу - Германиянын жаранынан акча доолашканын айткан эле.

- Тергөөнүн алкагында аэропортто жайгашкан байкоо камераларындагы жазуулар алынды, - деп белгилешти ИИМден. - Жазууларда эркек адам алкоголдук ичимдикти кафеде эмес, уруксат эмес жерде ичип жатканын көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери чындыгында эле ага басып барып, айып пул жөнүндө айтышкан. Ал атасына телефон чалып, чет өлкөлүк экенин, мындан улам эрежелер туурасында маалыматы болбогонун түшүндүргөндөн соң ага болгону эскертүү беришкен.

Милицияда ошондой эле, Эдуард тартип сакчылары менен сүйлөшкөн соң, сырасын урнага ыргытканын билдиришти.

Эске салсак, Данияр Деркембаев окуя тууралуу 2019-жылдын 28-ноябрында жазган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх