Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте акыл-эси кем кызды сойкулукка мажбурлашкан

Аны Каракол шаарынан уурдап, шаардык сойкуканага алып келишкен. Шектүүлөр кармалды

2019-жылдын 21-ноябрында Ленин районунун ИИБна К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш «М» аттуу аял 2019-жылдын 12-ноябрында анын 2003-жылы туулган жашы жете элек, психикалык кем акылдык менен жабыркаган Р.Н. атуу сиңдисин күч колдонуп сойкулукка мажбурлаганын билдирген.

23-декабрда К.А. аттуу жаран Ленин РИИБне кайрадан арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын 12-ноябрында жашы жете элек сиңдисин Р.Н. Каракол шаарынан белгисиз эки адам аныкталбаган үлгүдөгү унаа менен Бишкекке уурдап кетишкенин жазган.

Аталган фактылар Ленин районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү системасына КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166 (сойкулукка мажбурлоо) жана 170 (адам уурдоо) беренелери боюнча катталган.

Тергөө иштеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ленин районунун ИИБнын КМКнын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр - 1966-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З.кармалышкан. Шектүүлөр Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх