Cambridge School директорун өлтүргөн адам 7,5 жылга соттолду
Мындан сырткары, соттолгон адам айып пул төлөп берүүгө тийиш
Сот Cambridge School тил мектебинин директору Али Тиджан Абубукарауддун өлтүрүлүшү боюнча ңкүм чыгарды.
Айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң айып пул салынды. Токтом Жогорку соттун сайтында жарыяланган.
Эске салсак, 2-июлда Cambridge School мектебинин директору Али Тиджани Абубакарду Бишкектеги «ЦУМ» соода борборунун жанынан сабалган. Жабырлануучу комага түшүп, үч күндөн соң Республикалык улуттук госпиталда эсине келбей көз жумган.
Окуя болгон күндүн эртеси чет элдикти ур-токмокко алууга шектелип 21 жаштагы кыргызстандык кармалган.
Кийинчерээк Кадунынын экс-сенатору, нигериялык укук коргоочу Шеху Сани Нигериянын өкмөтүн Али Абубакардын өлүмү үчүн Кыргызстанга чара көрүүгө чакырган.
«Бир бетибиз канжалап жатса, экинчисин тосуп жатабыз, - деп жазган социалдык тармактарда Сани. - Чет өлкөлөрдө киши колдуу болуп ажал тапкан нигериялыктардын саны көбөйүп жатканы тынчсыздандырат. Федералык өкмөт Кыргызстандын бийлиги Али Тиджани Абубакаранын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча Кыргызстандын бийлигин жоопкерчиликке тартууга тийиш».
Фото www