Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туура эмес жерге унаасын токтоткону үчүн колуна эмчектеги баласын көтөргөн жаш эне ур-токмокко кабылды (видео)

Наристе бетонго кулап түшүп, учурда ооруканада. Милиция окуянын видеосу боюнча иликтөө жүргүзүүдө

Эркек адам дүкөндөрдүн биринен эмчектеги баласы бар аялды бир нече жолу чаап жиберген. Окуянын видеосу @Black_list.kg инстаграм-аккаунтунда жүктөлгөн.

«Бишкек сегодня» телеграм-каналында жабырлануучунун эжеси кол салган эркек болжолдуу түрдө бишкектик 101 же 128- маршрутканын айдоочусу экенин маалымдаган. Анын айтымында ал колуна эмчектеги баласын көтөргөн сиңдиси унаасына келгиче сыртта күтүп туруп, кайрадан бир нече жолу чаап жиберген. Мындан улам наристе жерге, бетонго кулап түшкөн.

«Бул «эркек» сөрөй колундагы кичинекей баласына карабай «унааңды туура эмес токтотосуң» деп сабап салыптыр. Видеонун сапаты начар, бирок, балким кимдир-бирөө аны таанып калар. Ал сиңдимди сыртка чыгып күтүп туруп, ал жерден кайра уруп баштаган. Бала бетон жерге кулап түшкөн»,- деп жазылган видеонун астында.

Мындан сырткары, учурда наристе ооруканада экени айтылган.

Бишкектин ШИИБнын басма сөз кызматы милиция бул видеону иликтеп жатканын Vesti.kg сайтына билдирди. Укук коргоо органдары окуя кайсы жерде болгонун тактоого тийиш.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх