Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Исмаилова: Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы сабалган дарыгерден бейтаптан кечирим сурашын талап кылып жатыптыр

Депутат жабырланган дарыгерге кесиптештеринин кысымына кабылганына ачууланды

Бишкектеги № 3- балдар ооруканасынын медициналык кызматкеринчырдашкан аялдан кечирим сурашын талап кылып жатышыптыр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Аида Исмаилова билдирди.

- Дарыгерге кайрадан кол салуу болгонун уккандан кийин мен ал кыз менен байланышайын деп чечкем, - деп тактады ал. Анын үстүнө ал боюнан козголуп, ооруканага жатып калган экен. Мен ага барып, сүйлөшүп келгем. Кийинки күнү болсо ал ыйлап мага телефон чалды, ага бул окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү барыптыр. Алар аны «бейтаптан кечирим сурайсың» деп жатышыптыр.

Аида Жекшенбаевна жабырланган медиктин айтымында ага кысым болгонун белгиледи.

Ага «өзүң күнөөлүсүң» дешиптир, ал эми гинеколог болуп иштеген Арсен атуу комиссиянын мүчөсү ал эмес, чынында эле анда бойдон түшүү коркунучу бар экенин текшерерин айтып коркутуптур, - деп депутат агынан жарылды. - Дарыгерге Бермет Абаскановна аттуу бирөөнүн телефонун берип, кечке чейин чалып, кечирим сурашын өкүмдүү суранышыптыр. Мен түшүнбөй турам, бул комиссияны өз кесиптештерин басмырлоо үчүн түзүштү беле эмне? Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени акыйкат изилдөөгө кызыкдар деп ойлогом. Иш жүзүндө башкача болуп жатпайбы. Биз азыр бул комиссияга кимдер киргенин тактап жатабыз, бул ишти жөн калтырбайбыз. Бизде парламентте ушундай маселелер боюнча жумушчу топ бар. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg бир нече күн маарда Бишкектеги № 3-балдар ооруканасында бейтап дарыгерге кол салганын жазган. Дарыгер милицияга арыз менен кайрылып, чырдашкан аял дагы укук коргоо органдарына кайрылганы кабарланган.

Чырдан улам врач ооруканага боюнан козголуп жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуяны иликтөө боюнча комиссия түзгөн.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх