Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда эне өз баласын 5 миң долларга сатканга аракет кылган

 Милиция кызматкерлери кардарлар катары чыгышып, энени кармашкан

Ош облусунда аял жаңы төрөгөн баласын 5 миң долларга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоочу органдардын маалыматына ылайык, 20 -январда милицияга белгисиз аял өз баласын сатып алууга даяр адамдарды издеп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга ага энесинин курбусу жардашмакчы болгон.

- Милиция кызматкерлери кардарлар болуп байланышып, 5 миң долларга макулдашышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 2 миң доллар төлөп, калган сумманы кийинчерээк беребиз деп убадалашкан. Жолугушуу учурунда аялды көмөчүсү менен кошо кармашкан.

Кармоонун жүрүшүндө көмөкчүнүн чөнтөгүнөн 500 доллар, ал эми баланын энесинен 60 миң сом жана 500 доллар табылган.

- Баланы төрөгөн аял ден-соолугуна байланыштуу үй камагына кармалып, экинчи аял убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынды, - деп маалымдашты ИИБда.

Баланын энеси 22 жашта экени белгилүү.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх