Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте баңгизат жасаган көмүскө лаборатория табылды, бирок, анын «ээси» азырынча кармала элек (видео)

Кара куурай жана галлюциногендик козу карындар өстүрүлгөн бөлмөнүн техникалык жабдылышы таң калтырат

Бишкекте милиция кызматкерлери канабис жана галлюциногендик козу карындар өстүрүлгөн баңгизат-лабоаториясын табышканын борбор калаанын ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, баңгизат жасаган көмүскө лаборатория үстүбүздөгү жылдын 21-январында 273-берене ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") боюнча ачылган соттук өндүрүштүн алкагында алынган ыкчам маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө Алтымышова көчөсүндөгү жеке менчик үйлөрдүн биринен аныкталган.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына аныкталган баңгизат лабораториясынын уюштуруучулары кармала электигин билдирди.

- Азырынча шектүүлөр жок, - деп жооп беришти мекемеде. - Бир адам күбө катары өтүп жатат. Учурда табылган бардык заттар менен өсүмдүктөр тийиштүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Белгилүү болгондой, табылган баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 438,07 килограммды түзгөн.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх