Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Японияда кафе ачкан кыргызстандык айым 10 долларлык биринчи кирешесин тапты

Асел тамактануучу жай ачып, бирок, анын ачылышына эч ким келбей койду деп ыйлаган видеосу интернетте тарап, бул окуя аны таанымал кылган эле

Японияда туура азыктануу кафесин ачкан кыргызстандык Асел Минагава өтүп кеткен дем алыш күнү биринчи кирешесине ээ болду. Бул тууралуу ал өзү Twitter социалдык тармагындагы баракчасына өзү жазган.

Аселдин окуясы көпчүлүктүн эсинде, анын тамактануучу жайынын ачылышына бир да киши келбегенине ызаланган айым ыйлап, бул видеосу интернетке тараган болчу. Анда окуя тууралуу жергиликтүү эле эмес, чет элдик ЖМКлар дагы жазып чыгышкан.

«Көпчүлүк мен үчүн жана менин кафем үчүн тынчсызданып жатканын билем. Мен адамдардын көптүгүнөн бош орундук калбай калчу күндү абдан күткөм. Ушул ишемби күнү мен келген кардарларымдын бардыгын кайда отургузарымды билбей калдым, көбү бар жактагы тирөөчкө эле туруп, кофелерин ичип жатышты. Биздин негизги кардарларыбыз - биздин туруктуу конокторубуз. Алар бизге жума сайын келип жатышса, демек, бизде чындыгында эле бардыгы ойдогудай! Ушул ишемби күнү мен биринчи жолу 10 долларлык киреше таптым», - деп жазган ал Twitter тармагында.

«Биз эми «One Stories» (тарыхы бар адам) деп аталабыз. Бизди бириктирген нерсе мына ушул. Кайгы, көз жаш, кубаныч жана тагдыр - мунун бардыгы адамдын тарыхынын бир бөлүгү, бардыгыбыздын башка айтканда», - деп кошумчалаганМинагава.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх