Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уурулук кылышканы видеого түшүп калган «чөнтөкчүлөр» кармалды (видео)

Буга чейин Ош базарында уурулар кыздын капчыгын рюкзагынан чыгарып жаткан видеосу тараган эле

Бишкектеги Ош базарынан кыздын капчыгын уурдап жатышканы видеого түшүп калган чөнтөкчү уурулар кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин ШИИБнен маалымдашты.

Кечээ эркек менен аял базарда басып бараткан кыздын капчыгын уурдап жатышканы тартылган видео интернетте тараган эле.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча шектүү «чөнтөкчүлөр» видео тараган күнү эле кармалган.

- Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, - деди Vesti.kg сайтына Бишкектин ШИИБнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев.

 Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх