Белгисиз адамдар сойкулуктан куткарылган акыл-эси кем кыздын жакындарын коркутушууда
Эркек адамдар анын апасына келип, милициядан арызын алууну суранышкан
Бишкектеги сойкуканалардын биринен куткарылган акыл-эси кем кыздын апасын белгисиз эркектер коркутушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кыздын жактоочусу Айнура Осмоналиева билдирди.
Белгилүү болгондой, эки күн мурда кыздын апасынын Караколдогу үйүнө белгисиз эркектер келген.
- Апасы үйүндө жалгыз болчу экен, келген бейтааныш адамдар милициядан арызын артка алууну талап кылышыптыр, - деп тактады жактоочу. - Эки саттай үйүнөн кетпей коюшканда, аял кошуналарын чакырып араң дегенде кетиришиптир.
Кыздын апасы алар кеткенден кийин милицияга телефон чалып, чара көрүүнү суранган. Бирок, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келе алышкан эмес.
- Кечээ милицияга бул белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз берилди, - деди Осмоналиева. – Жашы жете элек кыз учурда Бишкекте эжесиникинде жашап жатат. Алар дагы коопсуздуктарына тынчсызданышууда.
Эске салсак, 2019-жылдын 21-ноябрында Ленин районунун ИИБна К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш «М» аттуу аял 2019-жылдын 12-ноябрында анын 2003-жылы туулган жашы жете элек, психикалык кем акылдык менен жабыркаган Р.Н. атуу сиңдисин күч колдонуп сойкулукка мажбурлаганын билдирген.
Тергөө иштеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ленин районунун ИИБнын КМКнын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр - 1966-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З.кармалышкан. Шектүүлөр Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Гулиза Чудубаева
Фото www