Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта эки жаштагы бала ур-токмоктон чарчап калды. Баланын өлүмүнө жеңеси шектелүүдө

 Ооруканага денесинде көптөгөн көк ала тактары бар наристенин сөөгүн алып келишкен

Сузак районунун ооруканасына денесинде көптөгөн көк ала тактары бар наристенин сөөгүн алып келишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ИИБнан маалымдашты.

Эки жаштагы баланы жеңеси карап жатканы аныкталган. Ал наристени катуу сабады деп шектелип, бирок, ал муну мойнуна алган эмес.

Аталган факт боюнча КРнын ЖКнин «Денесине оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголду.

Келиндин эки жаш баласы болгондугуна байланыштуу анын баш коргоо чарасы карала элек.

Милицияда чарчап калган наристенин апасы 2019-жылы көз жумганын, атасы Россияда иштей турганын такташты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх