Ош шаарында ОПГ мүчөсү эч себепсиз бир нече жолу жаш кызды бетке тээп жиберген
Ал буга чейин 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөөдө жүргөн
Ош шаарында кафенин ичинен эч себепсиз жаш кызды ур-тепкиге алган эркек кармалды. Бул тууралуу түштүк калаанын ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 12-октябрында 23 жаштагы Гүлнара милицияга арыз менен кайрылып, аны эркек адам сабаганын айтып берген.
Кыздын айтымында ал өткөн жылдын 10-октябрында кафеде эс алып жаткан жеринен белгисиз эркек аны бир нече жолу бетке бир нече жолу тээп, сабап туруп качып кеткен.
Кийинчерээк шектүү катары 23 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Аманкелди» кармалган, Ал Өзгөн районунда туулуп, учурда Ош шаарында жашайт. Буга чейин ал 16 жолу кылмыш жоопкерчилине тартылып, издөөдө жүргөн. Алгачкы жолу 14 жашында соттолгон.
Гулиза Чудубаева
Фото www