Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда 10 жаштагы кыз зордукталды (фото)

Милиция шектүүнүн фотороботун таратты

Ноокен районунун ИИБна 28-январда Н.Ы. аттуу жергиликтүү аял кайрылып, болжол менен 17:00дө 2010-жылы туулган кызы мектептен үйүнө келаткан маалда белгисиз 20-25 жаштагы эркек адам күч колдонуп зордуктап салганын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 161- берене (Зордуктоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Шектүүнүн аты-жөнүн аныктап, кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Фоторобот түзүлдү.

Эгерде кимдир-бирөө шектүүнү таанып калса, (03736 102), 0555 00 31 00 номуру аркылуу билдирип коюуну суранабыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Жалал-Абад облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх