­
Мирбек Атабеков: Милиция апамдын үйүн карактады деп кармалган шектүүнү бошотуп жиберди - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирбек Атабеков: Милиция апамдын үйүн карактады деп кармалган шектүүнү бошотуп жиберди

Ырчы милиция кызматкерлери андан элдин көзүнчө ыраазычылык билдирип коюшун суранышканын айтып, ал маалда аларга ишенгенине эми өкүнүп жатканын билдирди

Кыргызстандын белгилүү ырчысы Мирбек Атабаев укук коргоо органдарынын ишине нааразы. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына айтып берди.

Артисттин айтымында милиционерлер анын апасынын үйүн карактады деп кармалган шектүүнү бошотуп жиберишкен.

- Менин апамды тоноп кетишкенде биз бул тууралуу ЖМКларга билдирелик дегенбиз, бирок, бизге бул тергөөгө тоскоолдук жаратат деп коюшту, - деди Атабеков. – Буга карабастан, маалымат тарап кетти, мен анда журналисттерге жазасыңар деп таарынган элем. Бирок, алар туура кылышкан экен. Тоногондордун бири кармалганда менден бул тууралуу жазып, милицияга рахматымды билдирип коюшумду суранышты. Мен муну да кылдым, укук коргоо органдарына толук ишендим. Бирок, жаңы жылдын алдында аны бошотуп жиберишиптир. Алар бизди бул тууралуу кабардар кылышы керек эле. Башка адамдардан укпаганда шектүүнү кое беришкенин билбей деле калмак экенбиз.

Милиция ырчыга шектүү алибиге ээ болгону үчүн бошотулганын айтышкан.

- Тергөөчүлөр бизге апамдын үйүн тоношкон учурда ал үй-бүлөлүк кечеде болгонун айтышып, видео көрсөтүштү, - деп тактады Атабеков. – Андай болсо, анда эмнеге анын унаасынан апамдын уурдалган зер буюмдары табылды? Бул суроого ушул күнгө чейин жооп жок.

Мирбек Атабеков прокуратурага арыз менен кайрылган, бирок, ал жактан дагы эч кандай жооп ала алган эмес.

- Көзөмөл органы катары алар укук коргоо органдарынын ишин контролдоп турушу керек эле да, - деп нааразы болду ырчы.- Бирок, ал жактан дагы биз куру жооп эле алдык.

Ырчы апасы моралдык жактан катуу травма алганын айтып берди.
- Ал ушул күнгө чейин көчөдө жалгыз калгандан коркуп атат, ар бир шыбыштан да коркот, - дейт Атабеков. – 60 миң доллар өлчөмүндөгү материалдык чыгым жөнүндө сөз кылбай эле коеюн.

Артист кылмыштын бети ачылып, бирок, милиция кылмышкерлерди калкалап жаап-жашырып жатат деген пикирде.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх