УКМКнын кызматкерлери иш бөлмөсүнөн пара алып жаткан жеринен соттук аткаруучуну кармашты
Ал жол кырсыгына байланышкан өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган
2020-жылдын 30-январында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй областынын Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-ж.т. “Н.Т.” кармалды.
Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы боюнча өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www