«Финпол» Бишкек Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисин пара менен кармады (видео)
Ал 1800 евро өлчөмүндөгү пара менен кармалган
ЭКККМКнын кызматкерлери 29-январда Бишкектин соода-базар комплекстеринин биринен 1800 (143 миң сом) евро өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын директоруу, «Б.М.» аттуу жаранды колго түшүрүштү.
Кармалган жаран «А.А.» аттуу жарандан чет өлкөгө жумушка орношуусуна керектүү болон медициналык справка жана башка документтерди даярдап берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган.
Бүгүн Биринчи май райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.
ЭКККМКнын басма сөз кызматы
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз