Чолпон Жакупова: Кол салган, мушташ чыгарган, коркутуп-үркүткөн алар… Майда бейбаш анан мен экенмин да, демек
Укук коргоочу өзү уюштурган иш-чарага ким келерин өзү билишинче аныктаганга укугу бар экенин баса белгиледи
Үстүнөн милицияга арыз түшкөн «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова укук коргоочулардын форумунда орун алган окуя тууралуу Vesti.kg сайтына айтып берди.
Чолпон Идиновна чакырылбаган конокторду залга киргизбегенге укугу болгонун баса белгиледи.
- Мен азырынча ал арыз менен тааныша элекмин, ЖМКдан эле окудум, - деди ал. Мыйзам долбоорлорун колдогон адамдар укуктук негиздерди билишпесине дагы бир жолу ынандым. «Европа» мейманканасы, конференция же тегерек үстөл бул базар эмес. Мен, одоно айтканда, бул иш-чаранын ээси болчумун, анткени ал үчүн ага акча төлөгөм жана анын форматын, катышуучуларын аныктаганга толук укугум бар болчу.
Жакупова кирип келген аялдар дароо эле өздөрүн тааныштырбаганын жана документтерин да көрсөтүшпөгөнүн белгиледи. Анын пикиринде, милицияга арыз жазган адамдар мыйзамды туура эмес түшүндүрүп жатышат.
- Кыймыл-аракет эркиндиги каалаган маалда басып кире алсаң болот дегенди түшүндүрбөйт, - деди ал. Алардын сөзү боюнча алар төраганын, президенттин иш бөлмөсүнө, Жогорку Кеңештин имаратына, премьер-министрге ж.б. кире беришсе болот экен. Бул туура эмес аныктама, тагыраагы, укуктун негиздерин толугу менен түшүнбөгөндүк. Укук башкалардын укуктары менен чектелет. Ал чакырылган эмес. Чакырбаганымдын себеби - аны эзели көргөн да эмесмин, билбейм дагы. Алардын уюму тууралуу да өмүрүмдө биринчи жолу угуп жатам. Ал биз документтерин сураганда дароо өзүн тааныштырган жок. Алар өз арызын «майда бейбаштык» беренеси боюнча каттатышыптыр. А интернетте алар кол салып, мушташ чыгарып, коркутуп-үркүтүп жаткан видеосу жүрбөйбү… Ошондо майда бейбаш мен экенмин да. Мен уюштуруучулар катары аларды киргизбей туура кылганыбызга дагы бир жолу ынандым.
Эске салсак, укук коргоочулардын бейөкмөт уюмдарды каржылануу булактары боюнча маалымат берип турууну милдеттендирген мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча форуму 29-январда Бишкекте өткөн.
Зулайка Эркимбаева
Фото www