Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УМКнын кызматкерлери амалкөй сот аткаруучуну кармашты

Ал жок кылынчу 70 тонна контрабандалык жол менен келген өрдөк этин сатып жиберген

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматтын (АКС) кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соттук чечимдерди аткаруу бөлүмүнүн «С.Н.А.» аттуу сот аткаруучусу тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы болгонун аныкташты.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып анын жүрүшүндө 2019-жылдын 23-майында Биринчи май райондук соту тарабынан тартип коргоо органдары конфискациялаган 70 тонна өрдөк этин жок кылуу чечими чыгарылганы белгилүү болгон.

Биринчи май райондук сотунун чечимин ишке ашыруу С.Н.А. аттуу сот аткаруучуга тапшырылган, бирок, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүп калуу максатында өрдөк этинин 5 тоннасын гана жок кылып, калган жүктү К.Ж. жана С.Ф. аттуу жергиликтүү ишкерлерге 150 миң долларга сатып жиберген.

Шектүү сот аткаруучу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх