«Финпол» кылмыштуу топтун мүчөсүнүн телефон аркылуу сүйлөшкөн аудио жазуусун жарыялады (видео)
Өтө жооптуу отчеттук бланкаларды ири өлчөмдө саткан топ кармалды
ЭКККМКнын кызматкерлери өтө жооптуу отчеттук бланкаларды - НДС счет-фактураларын ири өлчөмдө саткан кылмыштуу топту аныктаган. Алар ар кандай ЖЧКдун товарсыз бланкаларын сатып жүрүшкөн.
Үстүбүздөгү жылдын 30-январында контролдук сатып алуунун жүрүшүндө 10 млн. сом өлчөмүндөгү күйүүчү май жана курулуш материалдарынын счет-фактураларын 300 миң сомго сатып жаткан жеринен «Б.А.» аттуу жаран кармалган.
Аталган кылмыштуу топ абийирсиз ишкерлерге ар кандай ЖЧКлардын товарсыз бланкаларын анда көрсөтүлгөн сумманын 3 пайызынан 5 пайызга чейинки акчага сатып келгени аныкталган. Муну менен ишкерлер салык төлөөдөн качып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келишкен.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган шектүүгө 2020-жылдын 30-мартына чейин №1-СИЗОдо кармоо баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.
ЭКККМКнын басма сөз кызматы
Фото www