Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында автоунаа сүзүп кеткен 9 жаштагы кыз каза болду (видео+18)

Учурда үрөй учурган жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат

Нарын шаарында Ленин жана Түтөкеев көчөлөрүнүн кесилишинде «Volkswagen Vento» автоунаасынын айдоочусу 2010-жылкы кызды сүзүп кетен. Кырсыктын окуясы «Короче» телеграм-каналында жарыяланган.

Нарын облусунун ЖКККБнын басма сөз кызматы окуучу кыз Нарын шаардык ооруканасына жаткырылып, бирок, тилекке каршы, ал жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калганын билдирди.

- Иштин материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат, - деп белгилешти ЖКККБда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх