Бишкекте кулагына наушник тагынган жаш кызды троллейбус сүзүп кетти
Троллейбустун жүргүнчүсү да жабыркаганы кабарланды
Кечээ Бишкек шаарында болжол менен кечки 18де, Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде № 5- шаардык троллейбус жүргүнчүнү сүзүп кетип, кырсыктан жолдо өтүп бара жаткан жаш кыз жана троллейбустун жүргүнчүсү жабыркаган.
Жабыргандар дароо ооруканага жеткирилип, бактыга жараша, олуттуу жаракат алышкан эмес жана доктурга жатуудан баш тартышкан.
Белгилей кетсек, троллейбустун айдоочусу Б. Айдарбеков жол эрежелерин бузган эмес - ал жолчырактын жашыл белгиси күйгөндөн кийин өтүп бараткан. Ал эми жүргүнчү кызыл белгиге карабай жолго чыга калган. Кулагында кулакчын (наушник) болгондуктан, айдоочунун берген сигналык уккан эмес.
Троллейбусту кескин токтотуп жиберүүдөн андагы жүргүнчү кулап, бирок, жабыркаган эмес. Белгилей кетсек, коомдук транспорттун бардык жүргүнчүлөрү камсыздандырылган. Мэрия жыл сайын бардык муниципалдык транспорттордогу орундуктарды камсыздайт.
Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган эмес, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырган.
Урматтуу шаардыктар! Жолдо этият болууңуздарды суранабыз. Жолдон өтүп бара жаткан маалда музыка укпаңыздарчы, сураныч!
Бишкек мэриясы
Фото www