Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарандык активист Болот Ибрагимов менен журналист кыз жолдо араздаша кетишти (видео)

Активист эмнеге кабарчы кызга оозун басып, унаага отур деп айтканын түшүндүрдү

NewTV телеканалынын кабарчысы Элиза Балбакова менен жарандык активист Болот Ибрагимодун ортосунда чыр чыгып, Ибрагимов журналист кызга «оозун басып, унаага отуруусун» айткан.

Окуя тууралуу Vesti.kg сайтына NewTV каналынын журналисти Бегимай Жаныбекова айтып берди.

- Чыр съемка учурунда болгон, - деп тактады ал. Болот Ибрагимов ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте унааларын туура эмес жайларга токтоткондорду камерага тартып жүргөн экен. Телекомпаниянын унаасы токтотуучу орун жок болгонунан бир аз убакытка уруксат эмес жерде токтоп турган. Тартип коргоочулар ошол эле жерден каналдын айдоочусуна протокол түзүшөт. Ал 500 сом өлчөмүндөгү айып пулду дароо төлөгөн. Бирок, унаа ордунан жылайын дегенде активист «акысыз» пиарды эңсеп, аларды чагымга алдырууга аракет кылып, бир нече жолу журналистти мазактап жиберген.

Белгиленгендей, телеканалдын жетекчилиги жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айдоочу менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

-Журналистти мазактаганы боюнча Болот Ибрагимовго каршы арыз жазылабы-жокпу телеканалдын жетекчилиги кийинчерээк чечим чыгарат, - деп сөзүн жыйынтыктады Жаныбекова.

Ал ортодо Vesti.kg жарандык активист Болот Ибрагимов менен дагы байланышып, ал өз кезегинде болуп өткөн окуянын өз версиясын айтып берди.

- Мен ЖКККББга өз иштерим менен келип, туура эмес токтотулган унааларды байкап калдым, - деди ал. - Алардын биринде айдоочу отуруптур. Көрсө, ал NewTV телеканалынын унаасы экен. Мен кызматкерлерге жол эрежесин бузган айдоочуга чара көрүлүшү керектигин айттым. Алар протокол түзүштү. 2-3 мүнөттөн кийин журналист Элиза Балбакова келип, инспекторлор Болот Ибрагимов үчүн аларды жоопкерчиликке тартып жатышканын айтып, нааразы боло баштады. Мен абалды курчутпайын деп, эч нерсе сүйлөбөй видеого гана тартып жаттым. Сөздөрүмдү далилдей алчу видео бар. Ал бир мени, бир аларды күнөөлөп жатты.

Ибрагимовдун айтымында, окуянын жүрүшүндө ал журналист кыз аны пиар үчүн чыр чыгарып жатканына күнөөлөп баштагандан кийин гана үнүн көтөрүп сүйлөгөн.

Менде окуянын толук видео жазуусу бар. Мен аны жакынкы арада жарыялайм. Ал мени «хайп үчүн чыр чыгарасың» деди. Мен ошондо чыдабай, оозун басып, унаага отурууга кеңеш бергем. Кыязы, ошол мүнөттөн баштап камерага тарта башташкан окшойт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх