Москвада Айдар Акаев көз жумду
Бир нече күн мурда Кыргызстандын туңгуч президентинин байкесинин уулу каза болгон эле
Москвада Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар каза болду.
Vesti.kg сайтына жеке булактар кабарлагандай, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү кармап калган.
Ошондой эле, жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, бир нече күн мурда Аскар Акаевдин агасынын уулу - Кубан Акаев узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Кубан Акаевдин сөөгү кечээ Кемин районунда жерге берилди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз