Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин чок ортосунда айдоочу жол кыймылын жөндөгөн автоинспекторго кол көтөрдү (видео)

Алардын араздашуусунан тыгын жаралып, агрессивдүү айдоочу изделүүдө

Бишкекте айдоочу жол кыймылын жөндөгөн автоинспекторго кол салды. Окуя кечээ Москва жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аны баяндаган видео «Сейчас KG» телеграм-каналында жүктөлгөн.

Маалым болгондой, тыгында турган айдоочу автоинспекторго үн чыгарып, белги бере баштайт. Мындан кийин унаадан чуркап чыгып, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кызматкерге кол салган. Каршы тилкеге чуркап чыккан эркек, башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан.

10 мүнөттөн соң ал автоинспектордун белгисине карабай, унаасына отуруп, айдап кетип калган.

ЖКККББ бул окуя боюнча Vesti.kg сайтына түшүндүрмө берип, жол сакчысына кол салган айдоочу азыр изделип жатканын, ага айып пул салынарын билдирди.

Гулиза Чудубаева
Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх